Атамбаев Өзбекстанга учуп кетти

Атамбаев Өзбекстанга учуп кетти
5-Окт. 2017, Бейшемби, 12:40

Бүгүн, 5-октябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө жетекчисинин визити эки күнгө созулат.

Иш-сапар учурунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, ишкердик багыттагы кызматташууларды талкуулайт.

Негизги иш-чара болуп кыргыз-өзбек чек арасынын такталган бөлүгү тууралуу документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан сырткары тараптар кайра иштетүү, ЕАЭБге мүчөлүктүн алкагында логистикалык борборлорду ишке киргизүү боюнча маселелерди карап, "Ааламдашуунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу" аталышындагы бизнес-форумга катышат. Иш-чарада эки өлкөдө өндүрүлгөн товарлар көрмөзмөсү уюштурулат.


Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген расмий делегациянын курамы:

Президент Алмазбек Атамбаев

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева

Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков

Башкы штабдын начальниги Райимберди Дүйшөнбиев

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов

Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов

Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков

Ички иштер министри Улан Исраилов

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов

Экономика министри Артем Новиков

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, Жалал-Абад жана Баткен шаарларынын мэрлери, Мамлекеттик салык кызматы жана башка ведомстволордун жетекчилери да бар.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Президент:
Президент:"Адамдын кадыр-баркы – таза эмгек менен гана бааланышы зарыл"
“Жиндиканалык качкындар”  тасмасынын бет ачаары болду
“Жиндиканалык качкындар” тасмасынын бет ачаары болду
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)