Атамбаевдин Өзбекстандагы сапары уланууда

Атамбаевдин Өзбекстандагы сапары уланууда
5-Окт. 2017, Бейшемби, 15:00

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга жасаган расмий иш сапарынын башында Ташкент шаарында “Эркиндик жана гуманизм” монументине гүл койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегацияны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкенттин мэри Рахмонбек Усманов, ошондой эле, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов тосуп алды.

Кыргызстан президенти тосуп алууга ардактуу кароол тизилип, эки мамлекеттин мамлекеттик желектери көтөрүлгөн.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн көргөзмөсүнө катышты.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Алмазбек Атамбаевдин кошуна өлкөгө сапары эки күнгө пландалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!