Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташылат

Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташылат
6-Окт. 2017, Жума, 12:29

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган расмий иш-сапарынын алкагында Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багыты боюнча жүк ташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Ташкентте өткөн эки тараптуу делегациянын кеңейтилген жолугушуусунда Кыргызстандын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен Өзбекстандын тышкы соода министри Эльер Ганиев кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташуу Өзбекстан-Кыргызстан-Кытайдын соода алмашуусуна жакшы шарт түзүп берет.

Ушул тапта президент Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!