Кыргызстан-Өзбекстан: 13 документке кол коюлду (тизме)

Кыргызстан-Өзбекстан: 13 документке кол коюлду (тизме)
6-Окт. 2017, Жума, 12:33

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда жалпысынан 13 документке кол коюлду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, тараптар коопсуздук, коргоо, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттенүүгө, товарларды жана жүктөрдү ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу, статистикалык маалыматтар менен алмашуу тартибине тиешелүү эки тараптуу документтер пакетине, чек аралары чектеш райондор жана маалыматтык агенттиктер ортосундагы макулдашууларга кол коюшту.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

Маалымат алмашуу жана кызматташуу боюнча меморандум;

Баткен жана Фергана шаарларынын ортосунда соода-экономика жана маданий гуманитардык чөйрө жөнүндө макулдашуу;

Жалал-Абад жана Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономика жана маданий гуманитардык чөйрө жөнүндө макулдашуу;

Дин иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

Экономикалык жана финанасылык кылмыштар менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Статистика жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

Баңгизат каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

Куралдуу күчтөр ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Транспорт жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө грамоталарды алмашуу тууралуу протокол;

Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүдө узак мөөнөттүү кызматташуу боюнча өкмөт аралык макулдашуу;

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту, ынак коңшулук жана ишенимди бекемдөө боюнча декларация.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!