Атамбаев: эки элге пайда алып келчү иштер күтүп турат

Атамбаев: эки элге пайда алып келчү иштер күтүп турат
6-Окт. 2017, Жума, 12:49

Жарым жыл ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 эсеге өскөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий Ташкентке жасаган иш-сапары учурунда өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда билдирди.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентине меймандостугу, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстандын келерки президенти бүгүн башталган багытты улантып, үзгүлтүксүз ишти камсыз кылат деп ойлойм”, -деген Алмазбек Атамбаев анын президенттик мөөнөтү аяктагыча өлкөлөр ортосундагы бардык маселелер чечилип, тиешелүү макулдашууларга кол коюларына ишенимин билдирди.

“Балким бир айдан кийин биз Чолпон-Атада жолугушуп, бардык маселелерди чече алабыз деп ишенем. Биз жаңы мамлекет түзө албайбыз, бирок биргелешип иштеше алабыз. Алдыда али элдерибизге пайда алып келчү чоң иштер күтүп турат”, -деди Атамбаев.


Кызматташуунун жаңы барагы башталышы гана экенин белгилеген өзбек лидери Шавкат Мирзиёев: “Эгерде биз тоскоолдуктардын бардыгын алып салсак, бул кадам эки тараптуу мамилелерибизге жана эки тараптуу кызматташуубузга дагы бир дем берет. Менимче бул башталышы гана”, -деди.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Өзбектанга иш сапары күн мурда башталган. Иш сапардын учурунда эки өлкөнүн өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү ачылган.

Кыргыз павильонунда өнөр жай, туризм, билим берүү жана илим, ошондой эле айыл чарба тармагындагы продукциялар коюлган. Өзбек павильонунда өнөр жай, курулуш, мунай газ тармагынын продукциялары, эл кеңири керектөөчү, фармацевтика өнөр жайынын товарлары жана айыл чарба техникалары коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!