Алмазбек Атамбаевдин кошуна өлкөгө жасаган сапары аяктады

Алмазбек Атамбаевдин кошуна өлкөгө жасаган сапары аяктады
6-Окт. 2017, Жума, 14:35

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган эки күндүк иш-сапары аяктады.

Мамлекет башчынын кошуна өлкөгө жасаган бул ирет жасаган сапарында эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук, коргоо, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттенүүгө, товарларды жана жүктөрдү ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу, статистикалык маалыматтар менен алмашуу тартибине тиешелүү эки тараптуу документтер пакетине, чек аралары чектеш райондор жана маалыматтык агенттиктер ортосундагы макулдашууларга кол коюшту.

Жалпысы болуп 13 документке кол коюлду.

Мындан сырткары эки өлкөнүн аймагында өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз павильонунда өнөр жай, туризм, билим берүү жана илим, ошондой эле айыл чарба тармагындагы продукциялар коюлган. Өзбек павильонунда өнөр жай, курулуш, нефтегаз тармагынын продукциялары, эл кеңири керектөөчү, фармацевтика өнөр жайынын товарлары жана айыл чарба техникалары коюлган.

Мамлекет башчынын визити учурунда эң манаилүу келишим болуп, эки олоңун ортосундагы такталган чек ара тилкеси тууралуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө грамоталарды алмашуу тууралуу протоколу болду.

Белгилей кетсек, өткөн айда өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий визити менен келип, кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу өткөөл келишимге кол коюлган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!