МКК: шайлоочулардын акыркы тизмеси берилди

МКК: шайлоочулардын акыркы тизмеси берилди
9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:19

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берди.

МККнын маалымат кызматы билдиргендей, добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 3 млн. 25 миң 768 кишини түздү.

Алардын ичинен 2 млн. 908 миң 453 киши өлкө ичинде болсо, 18 миң жаран чет өлкөлөрдө добуш берет. Ошондой эле 98 миң 735 киши Бишкек шаарында кошумча тизме аркылуу шайлоого катыша алышат.

16 миң 687 киши көзү өтүп кеткендиктен, 493 адам өлкө жарандыгынан чыккандыктан тизмеден чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!