Сапар Исаков Сочиге кетти

Сапар Исаков Сочиге кетти
11-Окт. 2017, Шаршемби, 09:44

Өкмөт башчы Сапар Исаков Сочи шаарына иш сапары менен барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, премьер-министр 10-11-октябрь күндөрү боло турган көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышат.

Буга чейин аталган иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев бармай болгон. Бирок, президенттик шайлоо алдында айрым топтор тарабынан өлкөдө башаламандык уюштуруу фактылары ачыкталып, президент өлкөдөгү тартип жана коопсуздукту жеке козомөлүнө алуу үчүн иш-сапардан баш тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР