​Шайлоо: мыйзам бузуулар үчүн тез байланыш түзүлдү

​Шайлоо: мыйзам бузуулар үчүн тез байланыш түзүлдү
15-Окт. 2017, Жекшемби, 09:00

Тез байланышка шайлоо күнү болгон мыйзам жана укук бузуулар боюнча каалагандар 1255 кыска номерине чалып, кайрыла алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Чалуу акысыз. Мындан тышкары БШКнын Бишкек жана Ош шаарларындагы коомдук кабылдамалары добуш берүү башталгандан аяктаганга чейин шайлоочулардын чалууларына жооп берүүгө даяр.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 15-октябрда президентти шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардан ыкчам жыйынтык чыгаруу боюнча Координациялык топ түзүлдү.

Тез байланыш: 1255 (чалуу бекер)

Коомдук кабылдама: Бишкек ш. – 0(312) 66 02 40, 0(312)620141

факс: 0312 62 08 23

Коомдук кабылдама: Ош ш. - 0(3222) 55550

Мобилдик тел.: 0552 604179, 0772 604179

WhatsApp: 0550 119 852

Электрондук дарек: KGOR.TSIK@gmail.com

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!