Турсунбеков: “Өлкөнүн келечеги бүгүнкү шайлоодон көз каранды”

Турсунбеков: “Өлкөнүн келечеги бүгүнкү шайлоодон көз каранды”
15-Окт. 2017, Жекшемби, 11:45

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүндө бийликтин тынчтык жолу өткөрүп берүү менен үлгү көрсөтө алды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков борбор калаадагы №1209 шайлоо участкасында добуш берип жатып билдирди.

Добуш берип чыккандан кийин төрага Турсунбеков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасап, Кыргызстан эли өлкөнү алдыга жылдыра турган лидерди шайлап аларына ишенерин билдирди.

Аны менен бирге өлкөнүн келечеги бүгүнкү шайлоодон көз каранды экенин кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстан эли бешинчи журт башчысын шайлап жатат. Жалпы 11 тлапкер ат салышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!