Президенттер Жээнбековду куттукташты

Президенттер Жээнбековду куттукташты
16-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:51

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда 59 жашка толду.

Президенттик расмий кызматына туура сегиз күндөн кийин кирише турган өлкө башчысын Россиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктады.

Орус президенти Путин кесиптеши Жээнбековдун өлкөнү социалдык жана экономикалык жактан алга жылдырууга мол тажрыйбага ээ экенин белгилеген. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилени мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдирген.

Өзбек президенти да мына ушундай маанидеги каалоо-тилегин жолдогон.

Эгемен Кыргызстандын бешинчи президенти болгон Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!