Президент жыйынтыктоочу пресс жыйынын баштайт

Президент жыйынтыктоочу пресс жыйынын баштайт
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:54

Бүгүн, 20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрөт.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот.

Маалымат жыйынына борбор калаадагы, чет элдик ММКлардын жана аймактардан журналисттер келген. Ошондой эле саясий серепчилер да катышат.

Төрт күндөн кийин Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы кызматын расмий тапшырат. Ал 2011-жылы 1-декабрда президенттик кызматына расмий киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!