Атамбаев: “Эч бир бийлик бутагына барбайм”

Атамбаев: “Эч бир бийлик бутагына барбайм”
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:28

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысынын кызматын тапшыргандан кийин бир дагы мамлекеттик бийликке барбастыгын билдирди.

Ал болгону өкмөткө, президентке кеңешин айтып турарын белгилеп, чарчаганын айтты.

“Албетте, үч жылдан кийин боло турган парламенттик шайлоого өзүм жетектеген КСДП партиясын даярдайм. Жакында партиянын курултайын өткөрүүнү пландап жатам”,-деди президент Алмазбек Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!