Атамбаев: “Бабановдун келечеги бар болчу”

Атамбаев: “Бабановдун келечеги бар болчу”
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:57

“Өмүрбек Бабанов түз жолу менен кеткенде, анын келечеги бар болчу”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Бабанов, Канат Исаевге иш козголду. Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүн уктуңар. Аны мен, же башка бирөө сүйлөткөн жок. Үгүт учурунда кыргыздарга калпак кийип, Манастан сүйлөп, өзбек тектүүлөргө барганда башкача сүйлөдү. Бабановдун келечеги чоң болчу. Өз элине каршы чыкпай, башка өлкөнүн президентине чөгөлөп барбашы керек болчу. Албетте, аны аяйм”,-деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгогон. Учурда депутат чет өлкөлөрдүн биринде жүргөнү маалым.

Ал октябрь айында өткөн президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышкан.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!