Атамбаев жаңы президентке ишенет

Атамбаев жаңы президентке ишенет
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:04

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу оюн билдирди.

Мамлекет башчысы Жээнбековду чейрек кылымдан бери тааный турганын, ал эч убакта сатып кетпей турганына ишеним артат.

"Менин айланамда көптөр жүрүп, сатып кеткен учурлар болду. Бир гана Сооронбай досум (Жээнбеков - ред.) сатпады. Ал токтолуп калган, акыл калчап иш тутат. Кыргызстанда "дракон" президент болгонго эл жол бербейт. Буга ушул убакка чейинки президенттердин тагдыры мисал",-деди Атамбаев.

Сооронбай Жээнбеков, 24-ноябрда президенттик кызматына расмий киришкени турат. Ал КСДП партиясынан президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлүп, жеңишке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!