Атамбаев: “Жээнбеков коррупция менен күрөшөт”

Атамбаев: “Жээнбеков коррупция менен күрөшөт”
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:44

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жумшак киши эмес экенин, жини келгенде “чык эшикке” деп баарын кууп чыгарын “Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жумшак киши, коррупция менен күрөшүүгө эрки жетеби?”,-деген суроого жооп берип жатып билдирди.

“Жаңы президент жумшак эмес, жини келгенде баарына белгилүү “чык эшикке” деп Обаманы да кууп чыгып жатпайбы. Сооронбай Шарипович, таза адам, коррупция менен күрөшүүгө эрки жетет. Кезинде бир тууган агасы Кантөрө Шариповичти да кызматынан алган”,-деди Атамбаев.

Эскерте кетсек,Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы кезинде жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарга жардам берүү боюнча өткөрүлгөн жыйында архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчи орун басары Алмазбек Абдыкааровду жыйынга даярданып келбегени үчүн “Чык, эшикке” деп жыйындан чыгарып жиберген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!