Атамбаев: “Балп" деген сөзүмдү да сагынасыңар”

Атамбаев: “Балп
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:25

Президент Алмазбек Атамбаев табиятынан ушундай ачык-айрым жаралганын журналисттин “Кайсы бир билдирүүңүз тууралуу өкүнгөн учуруңуз болдубу?” деген суроого жооп берип жатып билдирди.

“Менин талуу жерим ушул. Жакшы эле аракет кылдым. Кудай ушундай жаратып салыптыр, башымда эмне болсо балп этип айтып салам. Мага салыштырмалуу жаңы президент дипломат. Бир кезде менин “балп” эткен сөзүмдү да сагынасыңар”,-деди президент.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ар бир билдирүүсү коомчулукта кеңири талкууга алынганы маалым.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!