Атамбаевге Эл Баатыры наамын берүү сунушталды

Атамбаевге Эл Баатыры наамын берүү сунушталды
23-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:58

Парламенттин бүгүнкү жыйынында кетип бара жаткан президент Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү сунушталды.

Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов көтөрүп, Атамбаевдин бийликти өз ыктыяры менен тапшырып жатканы башка өлкөлөргө үлгү экенин жүйө келтирди.

“Алты жылда Кыргызстандын экономикасында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Түндүк-түштүк атаандаш жолу, “Датка Кемин” көмөк чордону курулду. Таза шайлоо, өлкөдө стабилдүулүк орнотууга чоң салым кошту”,-деди эл өкүлү.

Депутат сунушун добуш берүүгө жөнөтүүнү суранды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!