"Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү мыйзамына кол коюлду

24-Ноя. 2017, Жума, 06:18

Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн акыркы күнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган мыйзам Кумтөр алтын кенинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.

Кодекс Кыргызстандагы 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө таандык экенин Атамбаев буга чейин маалымат жыйынында билдирген болчу.

“Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш жиберилгенден баштап парламент тарабынан кабыл алынганга чейин коомчулукта катуу талкууланып, жарандык активисттер аталган мыйзамды кабыл албоого чакырык таштаган.

Күн мурун президентти мыйзамга кол койбоого чакырган петиция даярдалып, мамлекет башчыга жолдонгон болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!