Президент алгач ирет кайсы өлкөгө барат?

Президент алгач ирет кайсы өлкөгө барат?
28-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:18

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 29-ноябрда жумушчу сапары менен Россияга барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева маалымдады.

Анын айтымында, визит Россия тараптын чакыруусу боюнча ишке ашууда.

Президент Жээнбеков жумушчу сапар учурунда орус президенти Владимир Путин, өкмөт башчы Дмитрий Медведов менен жолугушары күтүлүүдө.

Андан ары 30-ноябрда Жээнбеков Белоруссиянын Минск шаарында өтүүчү Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) мааракелик сессиясына катышат.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына расмий 24-ноябрда киришкен. Анын мамлекет башчысы катары биринчи визити Россиядан башталууда. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунда алгачкы жана акыркы сапары Россия болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!