Жайкы Кубокту “АзияМix” командасы жеңди

Жайкы Кубокту “АзияМix” командасы жеңди
24-Авг. 2018, Жума, 12:33

23-августа Россиянын Сочи шаарында өткөн “КВН-2018” конкурсунун Жайкы Кубогун “Азия Мix” командасы жеңип алды. Бул туурасында топтун катышуучулары социалдык баракчаларына жазышты.

Анда оюнчулар «Рахмат, КВН, рахмат, Масляков Александр Васильевич, оюн үчүн, сүйүүңүз үчүн, боорукерлик үчүн, кубанычтан аккан жаштар, жеңиш үчүн, КВНдеги чоң жана сонун чоң үй-бүлө үчүн рахмат. Биз жеңдик!», -деп жазышкан.

Айта кетсек, Кубок үчүн 2016-жылдагы Жогорку Лиганын чемпиону болгон Казакстандын “Спарта” командасы да таймашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!