​Дүйнө чемпионаты “Алтын топту” ким алаарын аныктайт

​Дүйнө чемпионаты “Алтын топту” ким алаарын аныктайт
30-Май 2018, Шаршемби, 12:58

Быйылкы жайдын эң башкы, маанилүү окуясы Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионатынын оюндары “Алтын топ” сыйлыгынын ким алаарын аныктайт. Бул тууралуу “Sports.ru” сайты жазууда. Маалыматка ылайык быйылкы “Алтын топ” сыйлыгына Европанын үч атактуу футболчусу ат салышат.

Эми алардын алдында эң башкы милдети турат. Ал дүйнө футбол чемпионатында жеңип чыгуу. Дале ушул дүйнөлүк спорт саамалыгы “Алтын топ” ээсин аныктап бермекчи. Сыйлыкка Месси менен кошо Криштиану Роналду жанаМухаммед Салах ат салышат. Ал эми Чемпиондор лигасында жарат алган Салах айыгып,Орусияга барууга абалы жетиши керек.

Ал эми Лионель Мессинин дүйнөлүк чемпионатта мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Анткени, анын эң башкы атаандашы Криштиану Роналду акыркы беттешүүлөрдө өзүн көргөзө алган жок.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!