Орусияда UFC мелдешинин билеттери сатыла баштады

Орусияда UFC мелдешинин билеттери сатыла баштады
30-Май 2018, Шаршемби, 16:12

Орусияда тарыхта биринчи жолу "Олимпийский" спорт комплексинде UFC мелдеши 15-сентябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун расмий баракчасында жазылган. Ал эми бүгүн мелдештин билеттеринин баасы белгилүү болду.

Мелдеште эң арзан билет 1,5 миң рублдан сатылат. Ал эми эң кымбаты 32 миң рублга чейин жетет. Ар бир кишиге 8 билеттен ашык берилбейт.

Белгилей кетчү жагдай рингге чыга турган мушкерлердин курамы азырынча айтыла элек. Мурда UFC жетекчиси Дана Уайт Орусияда өтө турган биринчи турнирде белгилүү орус мушкери Хабиб Нурмагомедов катышпай тургандыгын айткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!