Салахтын калыбына келүү мөөнөтү белгилүү болду

Салахтын калыбына келүү мөөнөтү белгилүү болду
31-Май 2018, Бейшемби, 11:33

Египет курама командасынын футболчусу жана англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах Чемпиондор лигасынан жарат алган жана футболчунун калыбына келүүсүнө үч жума убакыт кетээри белгиленди. Бул тууралуу L'Equipe басылмасы жар салды. Басылмага караганда Испаниянын медициналык текшерүүсүнүн жыйынтыгына караганда Салахтын калыбына келүүсүнө 3 жума убакыт керек. Муну менен атактуу футболчу чемпионаттын топтук баскычтагы матчтарга катышпай калышы мүмкүн.

А группасындагы Египед, 15-июнда Уругвай,19-июнда Орусия,25-июнда Сауд Арабия командасы менен беттешет. Египет курама командасынын футболчусу Мухаммед Салах 27-майда жарат алып,29-майга чейин Испанияда дарылануу курсуна кеткен. Андан кийин Салах Каир шаарына курама командасына кошулат.

Эсиңиздерге сала кетсек 25 жаштагы атактуу футболчу Чемпиондор лигасынын финалында “Реалга” каршы беттешүүнүн 27 мүнөттүндө каршылашы Серхио Рамос менен топ талашып, жаракат алды. Египеттик чабуулчу далысын кокустатып алгандыктан оюн талаасынан көз жаштары менен чыгып кеткен.

Дарыгерлер футболчунун далы муундары чойулуп кеткендиги айтышкан.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2017/18 сезонунун жыйынтыгы “"Реал Мадрид" 3:1 эсебинде "Ливерпуль" командасы жеңип алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!