​Криштиану Роналду “ПСЖ” клубуна өтөбү?

​Криштиану Роналду “ПСЖ” клубуна өтөбү?
31-Май 2018, Бейшемби, 12:46

Франциянын "Пари Сен-Жермен" футбол клубу “Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдуга жылына 45 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу Чемпионат.Com жазып чыкты. Маалыматка ылайык “ПСЖ” атактуу футболчуга жылына 45 миллион евро, ал эми “Падышалык клубка” 150 миллион евро төлөй тургандагы айтылууда.

Мындан тышкары португалиялык футболчунун агенти Жорж Мендеш келишимдер менен таанышууга Парижге келди.

Ал эми 29-майда “Реалдын” сайтындагы команданын курамы деген жериндеги футболчулардын арасында Криштиану Роналдунун сүрөтү алынып калган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду үстүбүзгөгү сезондо 27 матчта 26 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!