Зинедин Зидан "Реал Мадрид" клубунан кетти

Зинедин Зидан
1-Июнь 2018, Жума, 02:21

Зинедин Зидан "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучу кызматынан кетти. Бул тууралуу “Р-Спорт” порталы жазды. Маалыматка ылайык 45 жаштагы машыктыруучу басма сөз жыйынында күтүүсүздөн “Реалдан” кете тургандыгын жарыялады.

Зинедин Зидан "Мен кийинки сезондо “Реалда” болбойм. Команданын жеңиши үчүн башка мамиле, жаңы усулдар жана өзгөрүүлөр керек. Ошондуктан ушундай чечимге келдим. Бул клуб ар дайым менин жүрөгүмдө калат бирок жаңыруунун убактысы келди” деди.

2016-жылы 4-январда француз адиси “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун,бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР