​Криштиану Роналду 8 жыл камалышы мүмкүн

​Криштиану Роналду 8 жыл камалышы мүмкүн
1-Июнь 2018, Жума, 11:37

“Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду эгерде учурунда салык төлөбөсө 8 жыл камалышы мүмкүн. Бул тууралууAS басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык Испаниянын салык кызматы португалиялык футболчудан 15-июнга чейин 28 миллион евро талап кылууда.

Атактуу футболчу салыкты төлөсө, Испаниянын мыйзамдарына ылайык эки жылга шартуу эркинен ажыратылат. Ал эми салыкты июндун жарымына чейин төлөбөсө, анда жаңы сот иши башталат. Анда футболчуну 8 жылга эркинен ажыратуу каралат.

Жалпысынан Роналду 2011чи жана 2014-жылдары салыктан качкандыгы үчүн 14,7 млн еврого күнөө коюлган. Салык кызматкерлери Криштиану Роналдудан андан эки эсе суммада ири айып пул (28 млн евро) жана эркинен ажыратуучу документтерди даярдалгандыгы айтылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 4 жолку ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР