​Макгрегор 1,5 миллион еврого жаңы үй алды (видео)

​Макгрегор 1,5 миллион еврого жаңы үй алды (видео)
1-Июнь 2018, Жума, 14:11

UFCнын мурдагы жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор Испаниянын Марбелье курорттук шаарынан 1,5 миллион еврого хан сарай сатып алды. Анда машыктыруучу залы, жарык берүүчү жолдору жана SPA-салону бар.

Былтыркы жылы августь айында МакГрегор рингге Флойд Мейвезер менен чыгып 100 миллион доллар киреше тапкан.


Акыркы учурда ирландиялык мушкер рингге кайрылып келүү үчүн ар кандай маалыматтарды чыгарып жатат. Ага ылайык кийинки мелдеш үстүбүздөгү жылы болмокчу.

Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!