​Чемпионаттын расмий таанытым ролиги чыкты (видео)

​Чемпионаттын расмий таанытым ролиги чыкты (видео)
2-Июнь 2018, Ишемби, 02:20

ФИФА Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионаттынын таанытым видео ролиги жарыялады. Бул таанытым ролиги Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) YouTube расмий каналында көрсөтүлдү.

Мындан мурда футбол боюнча дүйнө чемпионаттынын расмий ырын америкалык актер, хип-хоп аткаруучу Уилл Смит жана ырчы Ники Джем аткара тургандыгы да жарыяланган болчу.


Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!