​Зидан Катар курама командасын жетектейт

​Зидан Катар курама командасын жетектейт
2-Июнь 2018, Ишемби, 11:44

"Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучу кызматынан кеткен, француз футбол адиси Зинедин Зидан Катар курама командасын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына даярдайт. Бул тууралуу Египеттик иш адамы Нагиб Савирис билдирди.

Белгилүү иш адамы өзүнүн Твиттер баракчасына “Зинедин Зидан Катар курама командасын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына даярдайт. Анын айлыгы жылына 50 миллион евро катарында белгиленди. Ал эми келишим 4 жылга эсептелген” деп жазган.

Эсиңиздерге сала кетсек2016-жылы 4-январда француз адиси “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун,бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!