Футболчуларга интернет колдонууга тыюу салынды

Футболчуларга интернет колдонууга тыюу салынды
2-Июнь 2018, Ишемби, 12:44

Германия курама командасынын футболчуларына футбол чемпионаты учурунда жыныстык мамиле, алкоголь жана соцтармакты колдонууга тыюу салынды. Мындай чечимди башкы машыктыруучу Йоахим Лев кабыл алды. «Спорт-Экспресс» порталынынын маалыматына караганда мындай тыюу салуулар 2014-жылы Бразилияда өткөн чемпионатта да колдонулган. Анда немистер чемпиондукту жеңип алышкан эле.

Йоахим Лев “Биздин балдар өздөрүн алып жүрүү эрежеси менен жакшы тааныш. Андан тышкары биздин максатыбызды да жакшы билишет. Ар бир футболчу оюндун бир бөлүгү,ошондуктан ар бир адамга караганда команда абдан маанилүү”,- деп айткан.

Германия курама командасы футбол чемпионаттында F группасында Мексика, Швеция жана Түштүк Корея менен оюн өткөрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!