Шарапова америкалык Серена Уильям менен мелдешет

Шарапова америкалык Серена Уильям менен мелдешет
3-Июнь 2018, Жекшемби, 14:21

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова америкалык атаандашы Серена Уильям менен Франциянын теннис боюнча ачык чемпионаттынын (Roland Garros) 1/8 финалында беттешет. Америкалык Серена Уильям “Roland Garros” үчүнчү айланпасында германиялык Юлия Гергести 6:3, 6:4 эсебинде жеңип алган. Мелдеш 1 саат 16 мүнөткө созулган.

Шараповаменен Уильямс ушуга чейин бири-бири менен 21 жолу мелдешке чыгышкан. Анда орусиялык спортчу эки жолу жеңишке жетишкен. Ал 2004-жылы июль айында Уимблдон финалында жана ошол эле жылыАялдардын теннис ассоциациянын(WTA)жыйынтыктоочу мелдешин утуп алган.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!