​Роналду “Реалдан” Мессиден эки эсе көп айлык талап кылууда

​Роналду “Реалдан” Мессиден эки эсе көп айлык талап кылууда
3-Июнь 2018, Жекшемби, 14:26

“Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду жылына 80 миллион евро төлөсө, испаниялык клубда калаарын билдирди. Бул тууралуу “Corriere dello Sport” басылмасы билдиргенин орус ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык Роналду эгерде “Реал Мадрид” клубунун жетекчилиги 2021-жылга чейинки келишимди кайрадан карап,айлыгын көбөйтсө клубда калаарын айткан. Ал келишимге ылайык атактуу футболчу 21 миллион евро жылына алат.

Испания басылмасы өзүнүн агенти Жорже Мендеша аркылуу “Реал Мадрид” клубунун президенти Флорентино Перестен айлыгын жылына 80 миллион евро кылууну талап кылган.

Ал эми “SportsMole” басылмасы Роналду “Реалдан” жумасына 1,35 миллион фунт стерлинг талап кылгандыгын, учурда 33 жаштагы португалиялык футболчу жумасына 350 миң алгандыгын жазды.

Буга салыштырмалууЛионель Месси"Барселонадан" жумасына 673 миң алат, ал эмиНеймар "ПСЖдан" – 619 миң табат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 4 жолку ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!