​Чемпионатта Криштиану Роналдуну кимдер кайтарат?

​Чемпионатта Криштиану Роналдуну кимдер кайтарат?
4-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 02:17

Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионатта “Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун жан сакчыылары белгилүү болду. Чемпионат учурунда атактуу футболчуну аралаш мушташ боюнча(ММА) спортчу Гонсало Сальгадо жана мурдагы десантчы Нуно Марекоса кайтарат. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» жазып чыкты.

Гонсало Сальгадо Киев шаарында Чемпиондор лигасынын финалында 33 жаштагы футболчунун жан сакчысы болгон. Ал 2006-2011-жылдар арасында 7 жолу оор салмак боюнча ринге чыгып,5 жолу нокаут менен жеңишке жетишкен. Марекос, ролтугалиянын жеке коопсуздук фирмасынын кызматкери.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!