​Дүйнө футбол чемпионаты качан түзүлгөн?

​Дүйнө футбол чемпионаты качан түзүлгөн?
4-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 02:19

Эң алгачкы дүйнө футбол чемпионатын өткөрүү идеясы мындан 90 жыл мурун Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Конгрессинде 1928-жылы 26-майда кабыл алынган. Бул учурда ФИФАнын уюшулганына 24 жыл болгон. Спорттук уюм эл аралык мелдеш уюштурууну көздөп бирок ишке ашыра албай келген. Анын пайдубалын 1914-жылы өткөрүлгөн “футбол сүйүүчүлөрдүн эл аралык чемпионаты” алкагында түптөлгөн.

КИМДЕР ТҮЗҮШКӨН?

Эң алгачкы дүйнө футбол чемпионатын түзүүэмгеги эки французга тийешелүү. Алар Жюль Рим жана Анри Делон. Рим ФИФАны эң узак жетектеген (1921–1954),ал эми Делон эң жакын жардамчысы жана чемпионатты идеясын ойлоп чыккан адам болгон.

АЛГАЧКЫ ФУТБОЛ ЧЕМПИОНАТЫ
Биринчи дүйнө чемпионатына 5 өлкө катышкан. Алар Уругвай, Италия, Швеция, Нидерландыжана Испания. Уругвай булардын арасындагы эң күчтүү команда катары таанылган. Мындан тышкары Уругвай өкмөтү Монтевидео шаарында заманбап стадион куруп берүүнү убада кылган.

1930-ЖЫЛДАГЫ ЧЕМАИОНАТТЫН ФИНАЛЫ:УРУГВАЙ-АРГЕНТИНА

Бул чемпионаттын Түштүк Америкада уюшулгандыгы европалыктарга ыңгайсыздык жараткан. Акырында 4 өлкө катышууга макул болушкан. Алар Франция, Югославия, Румыния жанаБельгия. Дүйнөнүн биринчи чемпионатына жалпысынан 13 команда катышкан. Финалда 4:2 эсебинде Уругвай командасы аргентиналыктарды жеип алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!