​Чемпионаттын 32 командасынын курамы белгиленди.

​Чемпионаттын 32 командасынын курамы белгиленди.
5-Июнь 2018, Шейшемби, 00:11

Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионатына катыша турган бардык 32 команда тең соңку курамдарын аныктады. Бул тууралуу ФИФАнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык кечээ Эл аралык футбол федерациясына командалардын курамын тапшыруунун акыркы күнү болчу. Анда ар бир командага 23 оюнчу кирген. Чемпионатта жалпысынан 736 оюнчу катышат (32 командада 23 оюнчу).

Ал эми өзгөртүүлөр болсо, оюнчу жарат алганда гана футбол беттешүүсү башталар алдында жасалат.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!