​Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аныкталды

​Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аныкталды
5-Июнь 2018, Шейшемби, 11:59

CIES футболдук обсерваториясынын эксперттери дүйнөнүн эң кымбат футболчусун аныкташты. Бул тууралуу уюмдун баракчасында эң кымбат 100 футболчунун тизмеси жарыяланды. Маалыматка ылайык лондондук «Тоттенхэма» командасынын оюнчусу Харри Кейн 201,2 миллион евро трансфер акчасы менен дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды. Экинчи орунда “ПСЖ” форварды Неймар -195,7 миллион евро, үчүнчү орунда париждик клубдун чабуулчусу Килиан Мбаппе 186,5 миллион евро менен орун алды. Месси төртүнчү, Роналду – 24чү орунга илинди.

CIES футболдук обсерваториясынын версиясы боюнча биринчи ондукка кирген футболчулар төмөндөгүчө:

1. Харри Кейн («Тоттенхэм») – 201,2 миллион евро

2. Неймар («ПСЖ») – 195,7

3. Килиан Мбаппе («ПСЖ») – 186,5

4. Лионель Месси («Барселона») – 184,2

5. Мохамед Салах («Ливерпуль») – 171,3

6. Деле Алли («Тоттенхэм») – 171

7. Кевин Де Брюйне («Манчестер Сити») – 167,2

8. Антуан Гризманн («Атлетико») – 164,5

9. Пауло Дибала («Ювентус») – 164,2

10. Ромелу Лукаку («Манчестер Юнайтед») – 163,4

Эсиңиздерге сала кетсек CIES футболдук обсерваториясынын эксперттерифутболчуларга баалоо жүргүзгөндө эксклюзивдик алгоритм жасашат. Анда жаш курагы,позициясы,клубдук жана улуттук деңгээлде жараткан ийгиликтери,курама командадагы, чемпионаттагы деңгээли эсепке алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!