Forbes журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды атады

Forbes журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды атады
6-Июнь 2018, Шаршемби, 02:41

Америкалык мушкер Флойд Мейвезер Forbes журналынын версиясы боюнча эң көп киреше тапкан спортчулардын тизмесин баштап берди. Бул тууралуу журналдын расмий сайты жарыялады. Маалыматка ылайык беш категория боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпионунун былтыркы жылкы кирешеси 282 млн долларды түзгөн. Экинчи орунда Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси 111 млн доллар, мурдагы рейтингдин лидери “Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду бул жолу 108 млн доллары менен үчүнчү орунда калды.

Forbes журналы кирешелердин көрсөткүчтөрүнө 2017-жылдын 1-июнунан баштап, 2018-жылдын 1-июнуна чейинки спортчулардын алган айлыгын, жарнамадан түшкөн каражатын, бардык бонустарын кошуп эсептеген. Буга кошумча спортчулардын салыктары жана агенттерине төлөмдөрү дагы саналган

Алдыңкы ондукка төмөнкү спортчулар кирген:

1. Флойд Мейвезер (бокс) — 282 млн доллар

2. Лионель Месси (футбол) — 111 млн доллар

3. Криштиану Роналду (футбол) — 108 млн доллар

4. Конор Макгрегор (аралаш мушташ) — 99 млн доллар

5. Неймар (футбол) — 90 млн доллар

6. Леброн Джеймс (баскетбол) — 85.5 млн доллар

7. Роджер Федерер (теннис) — 77.2 млн доллар

8. Стефен Карри (баскетбол) — 76.9 млн доллар

9. Мэтт Райан (Америка футболу) — 67.3 млн доллар

10. Мэттью Стэффорд (Америка футболу) — 59.5 млн доллар

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!