Футболчулардын таң калыштуу ооз ачуу ыкмасы (видео)

Футболчулардын таң калыштуу ооз ачуу ыкмасы (видео)
6-Июнь 2018, Шаршемби, 10:51

Тунис курама командасынын дарбазачысы Муэз Ассен оюн учурунда достору орозо ачып алуусу үчүн өзгөчө ыкма ойлоп тапкан. Бул тууралуу “The Sun” басылмасына таянып, орустун ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык ооз ачуу убактысы келгенде Тунис курама командасынын дарбазачысы Муэз Ассен жарат алган сыяктуу роль көргөзүп, жерге жатып калат. Бул учурда футболчулар чуркап барып суу ичип, орозосун ачып алышат.

Мындай учур эки беттешүүдө тең кайталанган. Адегенде Португалия (2:1)андан кийин Түркия менен болгон (2:2) жолдоштук беттешүүдөАссен ооз ачаар убактысы келгенде жарат алгандай жерге жатып калган. Дарыгерлер ага жардам көргөзүп жатканда кесиптештери суу ичип,ооздорун ачып алууга үлгүрүшкөн.


Эң кызыгы эмки беттешүүдө кандай болоору күтүлүүдө. Тунис курама командасы менен Испания 9 – июнда жолдоштук беттешүү өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!