Өзбекстанда 2019-жылы көк бөрү боюнча чемпионат өтөт

Өзбекстанда 2019-жылы көк бөрү боюнча чемпионат өтөт
11-Сен. 2018, Шейшемби, 13:12

2019-жылы биринчи жолу көк бөрү боюнча чемпионат Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Айта кетсек, бул тууралуу сүйлөшүүлөр 8-сентябрда Ысык-Көлдө болгон. Азырынча кайсы күнү жана Өзбекстандын кайсы шаарында өтөөрү тактала элек.

Эскерте кетсек, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстан көк бөрү боюнча экинчи орунга чыгып, күмүш медаль утуп алган. Жарым финалда өзбек оюнчулары казак оюнчуларын утуп, бирок кыргыз улакчыларына 32:9 эсебинде жеңилип калышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!