Балдан жасалган маска

Балдан жасалган маска
24-Авг. 2018, Жума, 11:24

Көпчүлүккө маалым болгондой бал бир гана организмге пайдалуу болбостон, биздин терибизге да абдан пайдалуу экен. Балдан жасалган маскалар абдан эффективдүү жана пайдалуу. Ошондой эле мындай маскаларды үй шартында оңой эле жасоого болот. Бул маска бетти жылмакай кылуу менен бирге майда бырыштардан арылтат.

Бал менен жумурткадан жасалган маска

Эгер сиздин бетиңиз майлуу болсо бал менен белоктон жасалган маска жакшы. Аны даярдоо жолу: Бир жумуртканын белогун жакшылап чаласыз. Ага бир чай кашык бал кошуп экөөнү жакшылап аралаштырасыз. Аралаштырган соң бетиңизге сүйкөп 20 мүнөт коёсуз. Кийин аны жылуу суу менен жууп коюңуз.

Беттин терисин тартууга жана майда бырыштан арылтууга: Бал менен жумуртканын сарысынан жасалган маска жардамга келет. Аны даярдоодо: бир жумуртканын сарысын алып, аны жакшылап аралаштырасыз. Ага бир чай кашык балды кошосуз. Даяр болгон азыкты бетиңизге массаж жасоо жолу менен сүйкөп, 20 мүнөт коюңуз. Кийин аны да жылуу суу менен жууп коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!