43 жаштагы айым сулуулук сыры менен бөлүштү

43 жаштагы айым сулуулук сыры менен бөлүштү
29-Авг. 2018, Шаршемби, 10:25

Интернет тармагынын активдүү колдонуучусу Люр Хсу аттуу дизайнер өзүнүн 43 жаштагы сулуулугунун сыры менен бөлүштү. Бул боюнча Daily Mail агенттиги кабарлады.

Айымдын айтуусунда тааныбаган адамдар ага 20 жаштан ашкан кыз деп ойлошот экен. Көрсө Хсу бетинин терисине туура кам көрөт экен. Ал күнүгө үйүнөн чыгып бара жатып күндөн коргоочу кремдерди колдонот. Ошондой эле C витаминин калтырбай ичет.

Күнүгө эртең менен Хсу бир чыны шекери жок кофе ичет. Муну менен бирге ал ашыкча майлуу тамактарды жебейт. Анын ордуна мөмө-жемиштерди колдонот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!