Кардашьян суррогат эне жалдоого камданууда

Кардашьян суррогат эне жалдоого камданууда
23-Авг. 2018, Бейшемби, 10:27

37 жаштагы Ким Кардашьян жана анын жолдошу Каньэ Уэст төртүнчү ирет балалуу болууну пландап жатышат. Аталган үй-бүлө жети айлык Чикаго аттуу кыздуу болгон соң, үй-бүлөсүнө толуктоо киргизүүнү чечкен. Тагыраак айтканда Ким күйөөсү экөө суррогат эненин кызматынан пайдаланмакчы. Анткени Кардашьян алгачкы кош бойлуулугун кыйынчылык менен өткөргөн.

Кардашьян өзүнүн социалдык баракчасында: “Доктурлардын айтымында мындай жол балага да, мага да зыяны жок экен. Ошондуктан биз Каньэ менен ушундай жолду тандадык”,-деп билдирет.

Ошондой эле ал убактысын араң жетиштирип жаткандыгын, муну менен катар балдары менен кошо күйөөсүнө да жетишээрлик убакыт бөлүү керектигин айтып өттү.

Эскерте кетсек, Ким менен Уэсттин үч баласы бар. Кызы Норт беш жашта. Ал азыртан эле компаниялардын жарнамалык ролигине тартылууда. Эки жашар уулу Сейнт. Андан соң жети айлык Чикаго аттуу кызы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!