Венсан Кассель 21 жаштагы моделге үйлөндү

Венсан Кассель 21 жаштагы моделге үйлөндү
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:32

Француз актёру Венсан Кассель модел Тина Кунакиге баш кошту. Алардын үйлөнүү тою 24-августта Франциянын Түштү-Чыгышында болуп өттү. Эки жаштын сыйлуу коноктору режиссер Жиль Леллуш, атактуу актрисалар Лейла Бехти, Адель Экзаркопулос болду. Алардын катарын сууда сүзүү боюнча олимпиада чемпиону Флоран Маноду да толуктады.

Эскерте кетсек Кассель Тина менен үч жыл мурун сүйлөшүп баштаган. Ошондой эле Венсан Тинага жолуга электен бир канча жыл мурун актриса Моника Белуччи менен мамилесин токтоткондугу маалым.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!