Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы каттам ачат

14-Июль 2017, Жума

Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамын ачууну пландап жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдиргендей, бул тууралуу расмий Ташкентте эки өлкөнүн авиаторлорунун ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө маалым болду.

Кошуна өлкөгө Кыргызстандын делегациясын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гүлмира Абдралиева баштап барган.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүдө “Ысык-Көл” эл аралык аба майданынан жаңы каттам ачуу, Кыргызстандын авиакомпанияларын Өзбекстанда каттоодон өткөрүү маселелери тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Белгилей кетсек, 4-июль күнү акыркы он жылдан бери биринчи жолу Ташкенттен түз каттам менен 200 турист Ысык-Көлгө келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!