УИАнын жаңы уставы кабыл алынды

14-Июль 2017, Жума

Бүгүн, 14-июлда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушу болуп өттү. Чогулуш УИАнын академиктеринин жана мүчө-корреспонденттеринин катышуусу менен академиянын жаңы Уставы кабыл алынды. Бул тууралуу академиядан билдиришти.

Жалпы сессиянын жүрүшүндө, УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Садырбекович Джуматаев жаңы Уставдын долбоору тууралуу маалымат берди. «Жаңы Уставды кабыл алуу зарылчылыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына байланыштуу келип чыккан. Бул арада академиянын ичинде Жумушчу топ түзүлүп, аталган документтин долбоорун иштеп чыгышты. Ага ылайык, Улуттук илимдер академиянын Президиумунун макамы жана мекеменин президентин шайлоо боюнча беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан сырткары, УИАнын ишиндеги маанилүү беренелер өзгөртүлүп, милдеттери менен функциялары такталды» - деп кошумчалады академик М.С. Джуматаев.

Чогулушка катышкан илимпоздордун көпчүлүгү бүгүнкү күндө Илимдер Академиясынын деңгээлин көтөрүп, жаңы багытта иш алып баруу керектигин сунушташты. Алардын бири, академик Р.Д. Дженчураева: «Илимдин акырындык менен өнүгүп баратканы кубандырат. Себеби, Илимдер Академиясы жок республиканы – интелектуалдык, светтик жана толук мамлекет деп эсептөөгө мүмкүн эмес» - деген ою менен бөлүштү. Буга кошумча академик Р.О. Оморов УИАнын Түштүк бөлүмүнө тектеш Нарын жергесинде да өзүнчө бөлүм ачууну сунуштады.

Окумуштуулар жаңы Уставдын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдоорун билдиришти. Эми бул документ Өкмөт тарабынан бекитилиши зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!