Суюлтулган газ саткандарга катуу талап коюлду

14-Июль 2017, Жума

Кыргыз Республикасынын аймагында «Элгаз» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК ), «Газпром нефть Азия» ЖЧК, «Нургаз» ЖЧК ишканаларында болжол менен 12000 – 13000 баллон бар, аларга суюлтулган газ толтурулуп, Кыргызстан боюнча жарандардын керектѳѳсүнө берилет. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку баскычтагы басым менен иштеген суюлтулган газ толтурулган баллондор, газ толтуруучу ишканалар тарабынан ар бир 5 жыл сайын техникалык сыноодон өткөрүлүп туруп, эгерде жарактуу экендиги аныкталса паспортуна уруксат берилет. ( ар бир баллондун үстүнкү бөлүгүндө бекитилген калай). Тактап айтканда толтурулган баллондордо газ берүүчүлөр тарабынан толугу менен текшерилип, газдын чыгыш себептеринин коопсуздугу аныкталгандан кийин гана өткөрүлүп берилиши зарыл. Ал үчүн суюлтулган газ сатуучу тарап, кардарларга сатуудан мурун баллондорду текшерүүгө алып, баллондун ооз бөлүктөрү дыкаттык менен бекитилгени аныкталышы керек. Тилекке каршы газ толтуруучу ишканалардын көпчүлүгү, баллондорду сыноодон өткөрүүчү кызматтардын адистери менен биргеликте кызматташуусун жоюп салышкан.
Көчөдөгү баллондорго суюлтулган газ толтуруучу унаалар техникалык сыноо убактысы өткөн жана сырдалбаган, кандай газ куйула тургандыгын билгизген жазуулары жок баллондорду текшербестен толтурууда.
Негизинен баллондорго газ толтуруунун алдында, анын ичинде колдонулгандан кийин калган заттарды тазалап туруп толтурулуш керек. Бүгүнкү күндө коопсуздук багытында Мамэкотехинспекция суюлтулган газды саткандарга катуу талап коюуда.

Суюлтулган газды колдонуу эрежелери:

Жогорудагылардын негизинде газ баллондорун колдонуучулар биринчи кезекте:
- Баллондордун техникалык сыноодон өткөндүгүн тастыктаган датага (датасы так көрүнүп туруш керек);
- Баллондордун сырткы келбетине (майышпаганына, сырдалганына, жазууларына);
- Баллондорду ачып жабууда вентилдердин болушуна; алуучулар маани берүү аркылуу жаралган көйгөйлөрдү жана ар кандай аварияларды, жарылууларды токтотсо болот.
- 2017 жылдын 6 айында өрт көзөмөл кызматкерлери тарабынан 1511 текшерүүлөр жүргүзүлгө, алардын ичинен:
- - пландуу – 760;
- - пландан тышкары – 286;
- - контролдук – 465.
- Ошондой эле:
- - мамлекеттик ишканалар – 516;
- - ишкердик субъектилер – 239;
- - жеке жарандар – 5.
- - башка башкармалыктар менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөр – 848.
- Келип түшкөн кайрылуулар жана даттануулар (жарандардан түшкөн арыз, каттар) баардыгы – 181 .
- Текшерүүнүн негизинде өрт коопсуздугу эрежелеринин табылган - 6937 мыйзам бузулар аныкталды, алардын ичинен:
- - өрт өчүрүүчү алгачкы каражаттардын жоктугу –1417;
- - өрттү табуучу жана өчүрүүчү автоматтык системанын жоктугу –898;
- - стандарттуу эмес коркунучтуу өрт жабдууларынын болушу –351;
- - тез күйүүчү материалдан жазалган жана конструкциялардын болушу –149;
- - ченемдик документтердин жоктугу –1044;
- - башка бузуулар –3078;
- - түзүлгөн актылардын жалпы саны - 1495;
- - табылган бузуулардын жоюлган пуктары - 2579.
- Иши убактылуу токтотулгандар – 22 объекттер жана жабдуулар.
- Табылган мыйзам бузулардын негизинде салынган айыптардын саны 306 суммасы 1млн 467 миң 300 сом;
- Өндүрүлгөн айыптардын саны – 252 суммасы 1млн 227 миң 800 сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!