Төө-Ашуу тоннели убактылуу жабылат

14-Июль 2017, Жума

Ош-Бишкек жолунун Төө-Ашуу тоннели оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, мындай чектөө тоннелдин вентиляциялык системасын оңдоого байланыштуу.

14-июлдан баштап 25-июлга чейин күн сайын эрте мененки саат 7.00дөн 9.00гө чейин, түнкүсүн саат 00.00дөн 02.00гө чейин унаа кыймылы токтотулат.

Министрлик белгиленген убакытка карап, жолго чыгууну эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!