Эреже бузса блокиратор тагылат

14-Июль 2017, Жума

Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык үстүбүздөгү жылдын 29- апрелинен бери жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн транспорттук каражатын эвакуацияланып, дөңгөлөктөрүнө блокиратор тагылып жана башка чаралар көрүлүп келе жатканын Ички иштер министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, автоунаасынын дөңгөлөктөрүнө тагылган блокираторду өз эрки менен чечүүгө аракет кылган жарандарга жоопкерчиликке тартыла тургандыгын ИИМ эскертет.

“Транспорттук каражаттарды милдетүү түрдө эвакуациялоо “Эвакуатор” 7.21, 3.27-3.30, 5.12-514 белгилери орнотулган жол жээктеринде колдонулат. Эвакуацияланган унаалар айып пул төлөөчү атайын автоунаа токтотулган жайга жеткирилет. Акча каражатын төлөө түзүлгөн тарифке жараша болот жана биринчи үч сааты бекер. Транспорттук каражаттарды милдетүү түрдө эвакуациялоо боюнча маалыматты “102” телофону аркылуу билип алсаңыздар болот”,- деп жазылат маалыматта.

ошондой эле ИИМ Транспорттук каражаттарды милдеттүү түрдө эвакуациялоого дуушар болбош үчүн жарандарга жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын так аткарууну сунуш кылат.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарын эвакуациялоону, аларды сактоону, дөңгөлөктөргө блокираторду пайдаланууну ж.б. колдонуу тартиби жөнүндө маалыматты алуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча табууга болот: http://mvd.kg/index.php/rus/explore/normative-base...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!