"Оймо-2017" фестивалы старт алды

3-Авг. 2017, Бейшемби

Чолпон-Ата шаарында Рух-Ордо маданий борборунда Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү кол өнөрчүлөрдүн эл аралык XII “Оймо-2017” фестивалы башталды.

Иш-чаранын алкагында ар кайсы мамлекеттин 120га жакын кол өнөрчүсү өз буюмдарын эл назарына тартуулашууда.

Иш-чаранын максаты кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү, каада-салтты сактоо, кереметтүү Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык туризм аймагына айландырууну көздөйт.

Эл аралык фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, дизайнерлердин мода көрсөтүүсү болмокчу. Аталган фестиваль 1-6-августка чейин уланат.

Буга чейин фестиваль 27-30-июлга чейин Бишкекте өткөрүлүп, анын уландысы Ысык-Көлдө болоору маалымдалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!